Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” №137 Жарлыгы жөнүндө
10.04.2026, 13:45
36
Кыргыз Республикасынын Президентинин №137 Жарлык “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Кара-Таш айыл өкмөтү тарабынан төмөнкүдөй иштер аткарылууда:
- Жарлыкты ишке ашыруу максатында тиешелүү буйруктун негизинде иш-чаралар планы иштелип чыгып, ага ылайык системалуу иштер жүргүзүлүүдө.
- Коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү жана аларды практикада колдонуу багытында кызматкерлер атайын окуу курстарына катышып, ошондой эле айыл өкмөтүнүн кызматкерлери үчүн окутуу семинарлары жана тренингдер уюштуруу пландалууда.
- Социалдык чөйрөдө жана экономикалык тармактарда муниципалдык кызмат орундарына кадрларды тандоо системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
- Мамлекеттик каражаттарды башкаруу жана финансылык көзөмөлдү күчөтүү багытында айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоору маалымат тактайчаларына илинип, коомдук талкууга коюлууда. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө электрондук сатып алуулар системасы мыйзамдуу негизде колдонулууда.
- Санариптештирүү процессин өнүктүрүү максатында жарандарды каттоо иши жүргүзүлүп, учурда аткаруу деңгээли 100 % электрондук түрдө берилип жатат.
- Коррупцияны алдын алуу жана аны изилдөө багытында коррупциялык көрүнүштөрдү жана тобокелдиктерди аныктоо боюнча сурамжылоолор, мониторинг жана талдоо иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.





